Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен" фракциясынын кезексиз жыйынында парламенттик фракциянын жаңы лидери менен анын орун басары шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жыйындын жүрүшүндө депутат Наталья Никитенко 21-июнда өткөн отурумда "Ата-Мекен" фракциясы лидер Сайдулла Нышановго ишеним көрсөтпөй, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун, 7 депутат бул чечимди колдогонун билдирди.
"Бул фракциянын көпчүлүгү" деп белгилеп, депутат Сайдулла Нышанов "Ата-Мекен" саясий партиясынын мүчөсү эмес экенин, буга байланыштуу "Ата-Мекен" парламенттик фракциясынын лидерин шайлоо маселесин кароо керектигин белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.
Депутаттар Абдимуктар Маматов менен Бахтияр Сулейманов аталган кызматка депутат Шералы Абдылдаевдин талапкерлигин сунушташты. Ошентип “Ата-Мекен” фракциясы Шералы Абдылдаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошкон.
Мындан тышкары "Ата-Мекен" парламенттик фракциясынын депутаттары депутат Шайлообек Атазовду лидердин орун басарлыгынан бошотулуп, анын ордуна Наталья Никитенкону шайлашкан.