Биз социалдык тармакта

"Базарга барып келем деп кеткен". Баткенде 16 жаштагы кыз изделип жатат

Баткен облусунда 16 жаштагы Мундуз Аллаяр кызы дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-июнь күнү саат 09:00 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына караштуу Ормош айылынын 2005-жылы туулган тургуну өзү жашаган үйүнөн Айдаркен шаарындагы базарга барып келем деп чыгып кеткен бойдон келген эмес.

"Бул факты Кадамжай РИИБинде катталып, издөө иштери жүрүп жатат. Кыздын белгилери: Бою 160-155 сантиметр, кашы, көзү кара, дене түзүлүшү орто.

Милиция эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кызды көрүп же билген болсо, төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт. Байланыш үчүн номерлер (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bayern-munchen
2021-06-23 00:05:03
Эмне учун только эле кыздар жоголуп жатат акыркы учурда
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан