Биз социалдык тармакта

Катамаран жээкке чыга албай калган. Ысык-Көлдө 17 жаранга жардам көрсөтүлдү

Ысык-Көлдө катамаран менен алыска сүзүп, кайра жээкке чыга албай калган жарандарга жардам берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы 17 жаран куткарылды.
"Тамчы айылында 5 катамаранды шамал жээктен 3 чакырым алыстыкка учуруп, жээкке чыга албай калган. Катамаранда 17 жаран (аты-жөндөрү такталууда) болгон. Ошондой эле 1 кайык калып калгандыгы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө түшкөн.
Жерине 3 куткаруучу, 3 суучул кайык менен тартылып, 5 катамарандагы 17 жаранды жана калып калган кайыкка күйүүчү май куюп, көлдүн жээгине чыгарышкан. Куткарылган жарандардын абалдары канааттандырарлык", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-06-23 08:47:53
Май куюп келип,,, радиаторуна антифриз куюп анан от алдырып барганча 2 саат откондур
0
aslan_akjol89
2021-06-23 14:43:19
Тигил жакта калып калган моторлуу кайыкка куюшуптур,тушунуктуу эле жазылып турат го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан