Садыр Жапаров "Дордой" стадионун текшерүүнү токтотууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүүдө.

Анда ишкер Аскар Салымбеков 15 жылдан бери жыл сайын "Дордой" стадионунун аймагын мамлекетке алуу боюнча текшерүү Маданият министрлиги, Прокуратура тарабынан токтобой келгендигин айтып, ишкерликке психологиялык жактан тоскоол болуп жаткандыгын билдирди.

Өз кезегинде Жапаров Башкы прокуратурага жөнү жок текшерүүлөрдү токтотууну тапшырды.

Мамлекет башчы менен жолугушууга ар кайсы тармактардын, анын ичинде өлкө аймактарынан келген компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан