Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Мамлекет башчы менен жолугушууга ар кайсы тармактардын, анын ичинде өлкө аймактарынан келген компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү да катышты.
Президент ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү фактыларын алдын алган атайын кеңеш түзүлөрүн айтып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин антикоррупциялык кызматы жоюларын билдирди.
Президентке ишкерлер ар кандай маселелерин айтып, идеялары менен бөлүшүштү. Өз кезегинде Жапаров ишкерлер үчүн ар жактан колдоо камсыздала тургандыгын айтты.