Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңеште Улуттук банктын отчёту каралды.
Жыйында баяндама жасаган мекеме төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2020-жылы экономикалык каатчылык шартында Улуттук банктын жыл ичинде аткарган иши өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту кармап турууга, финансы жана төлөм системаларынын туруктуулугун сактоого багытталганын белгиледи.
“Улуттук банк 2020-жылы орточо инфляцияны 5-7 пайыз чегинде кармап турууга жетиштик. Инфляциянын орточо көрсөткүчү 6,3 пайызды түздү. Ошондой эле экономиканы насыялоо үчүн 12 миллиард 300 миллион сом жумшап, валюта рыногун турукташтыруу алкагында 518 миллион доллар сатылган”, – деди ал.
Жыйынтыгында депутаттар Улуттук банктын отчётун жактырды.