Токтогул суу сактагычындагы суу сутка ичинде 6 миллион метр кубга көбөйдү

Бүгүн, 23-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 921 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 23-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 921 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 484 метр куб, агып чыгышы 409 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 22-июнда суу сактагычта 10 миллиард 915 миллион метр куб суу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2021-06-24 01:41:52
Мини ГЭСтерди курууга мамлекет болушунча мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек жеке ишкерлерге. Анан да документтерине тез тез бүтө тургандай жардам кылыш керек. Бизде дарыялар толтура. Мүмкүнчүлүк дагы толтура.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан