Биз социалдык тармакта

"Өзүбүздүн жарандарды камсыздашыбыз керек". Казакстан Алымкадыр Бейшеналиевдин вакцина боюнча билдирүүсүнө жооп берди

Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжанов казак вакцинасы август айынын аягынан баштап гана ири көлөмдө чыгарыла тургандыгын, андыктан жакынкы аралыкта аны башка өлкөлөргө жеткиришпей турганын билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Тугжанов саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Казакстан QazVac вакцинасын Кыргыз өлкөсүнө жардам иретинде жөнөтөт деген билдирүүсүнө жооп катары Казакстандын жакынкы аралыкта ата мекендик QazVac вакцинасын Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам катары жеткирүү жөнүндө жакынкы айларда план жок экенин билдирген.

Вице-премьер-министрдин айтымында, учурда QazVac'тын бир айлык өндүрүшү 100 миң дозаны түзөт. "Ушул айда 25-июнда бизде дагы 100 миң болот. Июль айында дагы 100 миң дозаны пландаштырдык. Августтун аягынан баштап, тактап айтканда 30-августта жана 1-сентябрда бизде ай сайын көлөмү 600 миң доза деңгээлине жетебиз. Бул маселе биздин көзөмөлүбүздө", - деген ал.

Тугжанов өлкөдө казакстандык вакцинанын тартыштыгы жок экендигин баса белгилеген. QazVac'тын болжол менен 30 миң дозасы баланста деген ал.

"Ооба, бүгүн бизден жеткирүүнү камсыз кылууну суранган өлкөлөр бар. Бирок биринчи кезекте, биз өзүбүздүн жарандарды камсыздашыбыз керек. Ошондуктан ушул тапта июнь, июль, атүгүл август айларында башка өлкөлөргө жеткирүү маселеси каралган жок. Кыргыз өлкөсү тараптан, ооба, кайрылуу болуп жатат, биз аны кечээ көрдүк. 600 миң дозага чыкканыбызда казакстандык вакцинаны башка өлкөлөргө жеткирүүнү ойлонуштурабыз", - деген Тугжанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nargiz-sa
2021-06-24 09:41:07
Ушул клоун министирди неге алып отурушат
+3
Asmat84
2021-06-24 10:25:48
Өлбөдүбү эми бул мылжыйган министр калпты чынды койгулап сүйлөй берет экен да. Буну тез арада иштен айдабаса болбойт. Бул мылжык Атамбаевдин убагында иштебептир да аташка экөө бирин бири колдоп тиги агынан бунусу жанагы чөптүн тамырынан ичип, отура беришмек
+3
zilish_kg
2021-06-24 11:01:24
Биздин саламаттыкты сактоо министрлиги ушинтип сүйлөп жатса , калганы аман эле болушсун. Балким өз адистиги боюнча мыкты адис болушу мүмкүн бирок министрлик кызматка тажрыйба бир аз жеткидей эмес. Бул министрлик биринчиден адам өмүрү менен иш алып бара турган өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган кесип, экинчиден дипломатия кесипкөйлүк, үчүнчүдөн чет өлкөлүктөрдүн алдында Кыргызстандын жүзү менен сүйлөшөт ж.б. Балп этип сүйлөп элди уятка калтыргандан не пайда .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан