Биз социалдык тармакта

Апасы менен 2 наристенин өмүрүн алган жол кырсыгынын милицияда иштеген катышуучусу кызматтан бошотулду

Ысык-Көлдө апасы менен 2 наристенин өмүрүн алган жол кырсыгынын катышуучусу Ж.Т. аттуу кыз ички иштер органдарындагы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, аталган кызматкер Тоң РИИБиндеги жумушунан бошотулду.

Ал кызматкерге Жазык кодексинин 300-беренеси "автотранспорт каражатын башка бирөөгө айдоого жол берүү" менен кылмыш иши козголгон.

"Ал эми Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна карата чектөө чаралары медициналык мекемеден чыкканда каралат.

Ага карата Жазык кодексинин 297-беренеси "жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу" жана 135-берене "этиятсыздыктан киши өлтүрүү" негизинде кылмыш жасоого шектелүүдө", - деп билдирди облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

12-июнда Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылында жол кырсыктан келин эки кызы менен каза болуп, баласы ооруканага түшкөн.

Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү токтоп турган унааны сүзгөн.

Бир заматта келинчеги менен балдарынан ажыраган ата биздин порталга кырсыктын чоо-жайын айтып берген.

Адам өмүрүн алган жол кырсыгында айдоочу мас экендиги маалымдалган. Айдоочунун жанында дагы бир кыз келе жаткан. Ал Бөкөнбаев айылындагы Тоң райондук ички иштер бөлүмүндө иштери белгилүү болгон.

20-июнда кырсыктын катышуучусу тагыраагы аталган Ж.Т. аттуу кыз үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Asmat84
2021-06-24 10:19:16
Энеңди урайындар бир үйдөн 3 адам каза болуп атса да күнөөлүүлөрдү үй камагына чыгара бергиле
+16
Shabi
2021-06-24 10:55:51
Прокуратурада иштеген неме экен,таанышы кучтууроок окшойт да,убактылуу жумуштан чыга тур,тынчыганда каайра келесин деди да.скеееейн эшек.
+13
Belek1710
2021-06-24 11:32:01
Ичип айдаса этиятсыздыктан киши өлтүрүү эмес, атайылап биргелешип киши өлтүрүү деп өзгөртүш керек, ичип айдаган мүмкүн эместигин билишип туруп, кызмвттан дагы пайдаланып атышпайбы.
+11
Medina87
2021-06-24 11:33:15
Атайын авария кылбаса да 3 бирдей омурду кыйганы учун АЛЛАнын алдында жооп берет Ж.Т.
Мас абалында неге рульга отурушат дейм да шоферлорду.
+6
Aybiyke
2021-06-24 12:39:33
Мыйзам иштебейт кече уй камагына чыгарылган деген болчу эгер закон иштебесе балдардын атасы мага байланыш биз да барып тиги соройлорду олтуруп келели бейкуноо балдар учун
+6
KUMKA
2021-06-24 13:11:25
Ичип мас болуп алып этияттап айдап баратса маркум болгон адамдар жол боюнча токтоп турса,мишайт эткени үчүн барып сүзүп алыптырбы? Ай-ай.. Силерди айрыш керек го.. Бул кокустукка кирбейт.. Ким ушундай иштерди жапканга жардам берсе, өздөрүнүн башына кайтсын. Бир үй-бүлө деген эмне шумдук.. Өзү жолдо машина айдай албагандарды токтотуп алып таш менен башын жанчып салгын келет.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан