Буга чейин Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылында жол кырсыктан келин эки кызы менен каза болуп, баласы ооруканага түшкөнү кабарланган. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү токтоп турган унааны сүзгөн.
Бир заматта келинчеги менен балдарынан ажыраган ата биздин порталга кырсыктын чоо-жайын айтып берген.
Адам өмүрүн алган жол кырсыгында айдоочу мас экендиги маалымдалган. Айдоочунун жанында дагы бир кыз келе жаткан, ал учурда үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу маркум келиндин жолдошу билдирди.
"Кыз ооруканадан 17-18-июнь күндөрү чыккан. 19-июнда сот аны 1 күн камап, чыгарып жиберди. 20-июнда жекшемби күнү кыз үй камагына чыгарылды. Сот башында анын баш коргоо чарасы дүйшөмбү күнү, тагыраагы кечээ, 21-июнда каралат деп билдирген. Анан "биз ал күнү бошобой калат экенбиз" деп шашылыш иш күн эмес күнү карап, чыгара салышты. Соттук отурумга бир туугандарым катышты.
"Кыз болсо унаа меники эмес, сатып жибергем, болгону документтерин бүтүрө элек болчубуз" деп көрсөтмө берип жатат. Эки жактоочу жалдаптыр, алар бул жөн гана жүргүнчү болчу дешүүдө. Милиция дайындаган анализдин жыйынтыгы айдоочу дагы, жанындагы кыз дагы мас экенин тастыктап чыгарып берген.
Кыз үй камагында болгон күндө деле, Бөкөнбаев айылындагы Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө жумушка барып иштеп жүрө берет экен. Ал эми унааны айдап бара жаткан жаран Бишкектеги ооруканада дарылануусун улантып жатат. Анын иши ооруканадан чыкканда каралат. Үй-бүлөм жок болуп кетти, ишти акыйкат чечип беришсе болмок", - деп билдирди Кубанычбек Койчуматов.
Ошондой эле ал 6 жашар баласы ооруканадан чыгып, төшөктө экенин кошумчалады.
SUPER.KG порталы айдоочу жана анын жанындагы кыз мас абалда болгон деген маалымат боюнча Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына кайрылганда маалыматты тастыкташты.
"Жол кырсыктан улам аталган эки жаран тең ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин текшерүүсүнүн алдын ала жайынтыгы боюнча алар мас абалда болушкан. Ал эми дайындалган экспетриза 1 айдан кийин чыгат", - дешты аталган башкармалыктан.
Белгилей кетсек, каза болгон келин 33 жашта болгон. Ал эми кыздары 4 жана 1 жашта болчу.