Чүйдүн Аламүдүн районунда сууга чөгүп кетти делинген 45 жаштагы киши аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган райондун Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына 1976-жылы туулган киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Аламүдүн райондук ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында, аталган жаран суунун аркы жээгинен аман-эсен табылган.