Садыр Жапаров Тажикстанга болгон расмий иш сапарында Рахмон менен чек арадагы маселелерди талкуулайт

Президент Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Түркмөнстанда болот. Андан кийин 28-29-июнда Тажикстанда болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан маалымдашты.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Андан ары Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанда болот. Анда Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн болушу күтүлүүдө.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы маселелерди талкуулашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Nina.alex
2021-06-24 14:58:53
Барбаш керек болчу. Эхххх
+12
maratbek88.88
2021-06-24 15:05:41
Барбаш керек болчу эмес барбаш керек Тажикстанга барып келип границаны ачавыс дейт эми
+15
-FREEDOM-
2021-06-24 15:15:39
Барсын тактасын чечсин. Бири-биринен качып журбой. Чек араны тезинен тактап тосуш кк
-7
Datka7777
2021-06-24 15:17:26
-FREEDOM-,нейтральный жерде жолугушуу откоруш керек эле
+14
Shabi
2021-06-24 15:33:00
Тажик ММКтары "кыргыз президентинин Тажикстанга келиши,тажикстан учун жемиштуу,коп масалелерди озубуз жака чечип алганга мумкунчулук бар"деп уже жаза башташты.10машина берип туруп,100гектар жерибизди алып койбосоле боолду
+9
modem4999
2021-06-24 16:14:46
Чечилгиче барбайм деп атпады беле калп айтканбы ошондо?
+8
Shabi
2021-06-24 16:38:15
modem4999, биринчи жолу калп айтып жаткан жок го.танкалбай эле койгула
+5
Datka7777
2021-06-24 19:12:40
modem4999,бул айта берет созунон кайта берет.
+3
Ali-5
2021-06-24 16:23:24
Барбасын канча балдарды өлтүрдү мыкаачылар
+7
souza.j
2021-06-24 16:23:50
Алданба иши кылып
+5
Nara5
2021-06-24 16:43:53
Баткендиктер дагы корчу шорунар бар экенда эми
+3
Tyty1990
2021-06-24 16:50:17
Түшүнсөңөр Тажикстанга Казакстан Россиядан товар келет.товарды таштап кайра наша жүктөйт Россия Казакстанга.коридор керек болуп Путин ошого рахмонго жардам берип жатат Товар Албетте контрабанда. Ал товар кимдики баягы эле шакал депутаттардыкы. Нефть, продукты, строй материал бүт депутаттар ташыйт. Ошон үчүн пысып керек болсо 5 сом Баткенге жардам беришпейт. Согушта бизнеси жок 4_5 депутат барып көз көрсөтүп келишти. Калганы былтыйып отурушат. ... бок экенин билишет.
+4
Rifle_I
2021-06-24 16:56:55
Бышырып койду бекен Рахмон?
Садыр Жапаров барбай эле, нейтралдуу жерде сүйлөшүш керек чек ара меселесин. Же Туркменияда жолугушса болмок. Жок жегенде Ташкентте. Чек ара ачыла турган болсо куй болот ушунча аракет.
+4
Jaraisyn
2021-06-24 21:32:04
Мунун артында дагы пландар болушу мүмкүн, биздин ажонун да өзүнүн ойлогону бардыр.
+1
CAPATAH
2021-06-24 22:37:45
Мунун мээси иштейби озу? Намыс барбы буда? Элди намыска жыгып берди го уже!
+1
Taalaibek.
2021-06-25 12:23:13
Сабырлуу болгула Кыргыз элим. Таш ыргытканга аш ыргыт. Чек арабызды чечип келсин. Аллах озу колдосун ооомин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан