Бүгүн, 24-июнда Садыр Жапаров Корея Республикасынын, Кипрдин, Хорватиянын, Нидерланды королдугунун, Сауд Арабиясынын, Даниянын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Бангладеш Эл Республикасы, Литва, Финляндия жана Франциянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы элчилерди Кыргыз өлкөсүндөгү дипломатиялык миссияларынын башталышы менен куттуктап, алардын кесипкөй тажрыйбалары өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
"Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн жогоруда аталган өлкөлөр менен саясий диалогду жана эки тараптуу экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.
Президент элчилердин эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багытталган демилгелерин толугу менен колдоого даяр экендигин баса белгилеп, аларды натыйжалуу иш алып барууга, анын ичинде инвестициялык кызматташтыкты, өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы диалогду активдештирүүгө чакырды.
Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү инвестиция үчүн ачык жана эки жакка тең пайдалуу боло турган долбоорлорду талкуулоого даяр экенин айтып, биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады.
Президент элчилерден эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө багытталган натыйжалуу ишине ишеним артты.
Элчилер өз кезегинде кыргыз тарап менен жемиштүү иш алып барууга даяр экендигин жана эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүдө аларга коюлган бардык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого ниеттенип жаткандыктарын белгилешти.
Алар тажрыйбалары менен билимин өлкөлөрдүн жана элдин бакубатчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багыттайбыз деп ишендиришти.
Мындан тышкары, айрым элчилер Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына, атап айтканда, гидроэнергетика, санариптештирүү жана башка тармактарга инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдиришти.
Алар мамлекет башчысына каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык айтып, өз ишмердиктеринде эки элдин жыргалчылыгы үчүн жүктөлгөн милдеттерин аткарууга өзгөчө көңүл бура тургандыктарын баса белгилешти.
Президент Садыр Жапаров дипломаттарды жогорку кызматка дайындалышы менен дагы бир жолу куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы иштерине ийгиликтерди каалады", - деп жазылат маалыматта.