Биз социалдык тармакта

Тажикстандын чек арачылары Кыргыз айдоочусун унаасы менен кошо барымтага алып алышты

Кыргыз өлкөсүнүн жүк ташуучу унаасынын айдоочусу Виталий Шульц тажик чек арачылары тарабынан барымтага алынды. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 24-июнда жүк ташуучу унаанын айдоочусу болгон Виталий Шульц аттуу Кыргыз жараны Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагында калгандыгы жана өлкөдөн чыгып кете албай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Виталий Шульц билдиргендей, Тажикстандын чек арачылары аны Тажикстандан жүк ташуучу унаасы жок эле чыгып кетиши мүмкүн экендигин билдирген.

"Кечээ Ош шаарынан дагы алты кыргыз номерлүү жүк ташуучу унаа келди. Алар дагы Кыргыз өлкөсүнүн жарандары. Аларга дагы унаасын таштап Тажикстандан чыгып кетүү мүмкүн экендигин айтышкан", - деген Шульц.

"Акыйкатчы Токон Мамытов Тажикстандагы адам укуктары боюнча акыйкатчы Умед Бобозодага Кыргыз жаранынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана эркиндигин коргоо боюнча керектүү иштерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aslonur
2021-06-24 18:31:30
Неге барат ал жака, же конок болсо бир жөн чек арада не болгонун билбегидей
+14
jergetal
2021-06-24 18:53:13
Ырас кылат ал жакта бышырып коюптурбу анан, тупа туура кылыптыр.....
+16
Adi010891
2021-06-24 19:02:31
Туура кылышат буларды.
+14
Nara5
2021-06-24 19:07:14
Саз эле баарынды сойуп эле салышса
+9
Shabi
2021-06-24 19:25:51
Не чё аванар жакында лично озу куткарып келет.ушул жактагы зомби фанаттар эки учоон кошулуп алгыла.
+2
Asmat84
2021-06-24 22:14:54
Бок жегени барасыңбы анан көрүп билип атасыңар го кыргыз менен тажиктин мамилесин же атайын от жакканы бардыңбы мени барымтага алды өлтүрдү койду деп. Биздикилер деле Баткенде тажиктердин унааларын от коюп товар совары менен алып коюп атышат го
+8
Dembele84
2021-06-24 22:36:33
Билип туруп барган кок мээлерге жакшылык жок.
+6
Ala.too.456
2021-06-25 00:11:59
Мен "вообще чек араны жаап, тажиктерге эч нерсе откорбой аларды жудотуп жатавыз" -деп, суйунуп журсом, булар ал жака каттап журушотго.
+6
suban78
2021-06-25 00:12:17
Аткезчилер болду бекен ыя, болбосо кантип барып калышат ал жакка?
+3
Rifle_I
2021-06-25 13:41:33
Абалды билип туруп ... бар беке аларга?
Бул бүгүн башталган жок да, майдан бери болуп жатат. Кайсы мээси менен ойлонушту булар?
+1
Bak.taalai
2021-06-25 17:20:02
Сооп болот машиненди алып озунду кочукко тээп иштетсе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан