Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон баланын өлүмү. Экспертиза 29-июнда аяктайт

Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон 12 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмүнүн себеби жакында белгилүү болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлайт.

"Соттук-медициналык экспертиза баланын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн бардык керектүү маалыматтар бар экендигин билдирди. 2-июнда Сокулук райондук соттук-медициналык экспертизасынын адистери жашы жете элек баланы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү учурунда соттук-химиялык жана соттук-гистологиялык изилдөөлөр үчүн биологиялык объекттерди алып, анын жыйынтыгы алынган.

25-июнда Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда кезексиз жыйыны болуп, анда тийиштүү сунуштар берилген.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын жана өлүмдүн бардык жагдайларын эске алуу менен Якуниндин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык керектүү маалыматтар бар. Экспертиза 29-июнда аяктап, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет", - деп билдиришти министрликтен.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.

Маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин Акыйкатчы институту интернаттын директорун иштен четтетүүнү талап кылган. Ошондой эле мекемеден каза болгон өспүрүмдү АКШнын жарандары асырап алууга ниеттенип жүргөнүн, алар окуя болгонго чейин 4 жолу жолукканын кабарлашты.

Окуянын бардык жагдайларын кылдат, объективдүү иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Чүй ОИИББи каза болгон өспүрүмдүн денесинде зомбулуктун белгилери болбогонун маалымдаган. 17-июнда билим берүү жана илим министринин орун басарына сөгүш берилген. Андан кийин Билим берүү жана илим министрлиги окуянын хронологиясы менен тааныштырган.

Өспүрүмдүн бир тууган агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жасап, анда тергөөчүлөр аны жабырлануучу тарап деп эсептебегенин айтып чыккан. Көп өтпөй эле бул маселени тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүнө алынганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан