Коронавирус илдети менен жабыркап жаткан саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы канааттандырарлык. Министр үй шартындагы карантинге алынып, дарылануудан өтүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Ошого карабастан министр саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жана координаторлор менен республикадагы коронавирус инфекциясынын эпидемиологиялык абалы боюнча онлайн жолугушууларды өткөрүүдө.
Ушул жылдын май айынан баштап өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуй баштагандан бери министр аймактарга көп барып, жолугушууларды өткөрүп, саламаттыкты сактоо уюмдарынын даярдыгын текшерип, "кызыл зоналарга" барып, медицина кызматкерлери жана калк менен жолугушууларды өткөргөн", - дешти мекемеден.
Узап бара жаткан аптада министр Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, уу коргошун ичип жатканы
маалымдалган.