Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алып, уу коргошун менен дарыланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканыбызда тастыктады.
"Бир гана уу коргошун менен дарыланып жатам. Үчүнчү күн болду, уу коргошун ичип, аралыктан иштөөгө өттүм", - деп билдирди Бейшеналиев.
Буга чейин министр маалыматтык жыйында уу коргошунду президент экөөбүз кайнатып жатабыз деп өзү камера алдында уу коргошунду ичип көрсөткөн.