
Буга чейин 24-июнда Оштогу Тар дарыясына Хёндай Портер унаасы
түшүп кеткени кабарланган. Унаада 5 адам болгон, анын ичинен төртөө табылган. Ал эми 4 жашар кыз табылбай жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Хёндай Портер унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, Тар дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 5 адам болгон. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар 1980-жылы туулган Ж.Т. (айдоочу) жана 2008-жылы туулган А.К. аттуу кызды куткарып калган. Кийин 1984-жылы туулган М.Г. жана 1993-жылы туулган М.Э. аттуу аял кишилердин жансыз денелери табылган.
Учурда 2017-жылы туулган А.Ф. аттуу кыз дайынсыз болууда. Бүгүн издөө иш-чараларын улантуу үчүн 19 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылып, саат 17:00дө издөө иш-чаралары убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок", - дешти мекемеден.
Бүгүн, 28-июнда издөө иш-чаралары улантылат.