"Буттары бүт көк ала". Жалал-Абадда 59 жаштагы кишини аялы менен баласы сабады деп шектелүүдө (видео)

Жалал-Абад облусунда 59 жаштагы кишини аялы менен баласы сабады деп шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө Авлетим айыл аймагынын 59 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 25-июнь күнү саат 20:00 чамасында аялы жана баласы экөөлөп үйүнүн ичине камап алып, уруп, денесине залал келтиришкендигин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 144-беренеси ("уруп-согуп кыйноо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, сүрөткө тартып алышкан. Учурда жабырлануучунун денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, тиешелүү адамдар суралып, окуянын чоо-жайы такталып, натыйжада шектүү катары жабырлануучунун 58 жаштагы А.Б. аттуу аялы жана 26 жаштагы А.С. аттуу баласы кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп билдиришти облустук милициядан.

Жалал-Абадда 59 жаштагы кишини аялы менен баласы сабады деп шектелүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
al-abu-kinesz
2021-06-28 11:42:15
Ужас, астагфируллох..
+5
Asmat84
2021-06-28 11:56:03
Кудай сактасын ээ кандай гана заман болуп атат. Өз атасын сабаган жаранга өлүм жазасын киргизүү керек. Мындан өткөн оор кылмыш барбы деги ата мене менен энеге кол котормок түгүл өйдө карап сүйлөгөнгө болбойт го туугандар. Мен атамдын каза болгонуна 14 жыл болсо дагы атын укканда досторун көргөндө өзүмдү кармай албай көпкө ыйлайм. Аттиң арман азыр болгондо атакем айтууга сөз табалбайм го
Эх туугандар ата эне бул конок бизге бүгүн бар эртең кетүүчү кишилер сыйлап калалы тирүүсүндө
+6
Zarema11
2021-06-28 14:05:35
жеткирсе керек да балким.
-1
Eldar6724
2021-06-28 14:42:49
Zarema11, Ошондо жеткирсе майып кылып же өлтүрүп койсо да болобу. Видеону көрдүңбү өзү?
+3
Nina.alex
2021-06-28 12:46:56
Кемпири урса да баласы урбай эле койсо болмок экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан