Биз социалдык тармакта

Кылмыш иши козголгон депутат Алиярбек Абжалиев өлкөгө келди

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев Кыргыз өлкөсүнө келди. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашты.

Өздүк булак билдиргендей, Алиярбек Абжалиев Кыргыз өлкөсүнө кечээ, 27-июнда Кыргыз-Казак чек арасы аркылуу келген.

Март айында УКМК Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу беренеси менен сотко чейинки өндүрүштүк иши башталганын билдирген. УКМКнын билдиришинче, Абжалиев экс-президент менен болгон туугандык байланыштарын колдонуу менен мамлекеттик органдардын иштерине кийлигишип, жеке түзүмдөрдүн кызыкчылыгын коргогон.

Алиярбек Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
al-abu-kinesz
2021-06-28 11:39:56
Сокенин дагы канча бутак тамырлары бар экен, ошолордун баарын когонго тизиш керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан