Сот Текебаевдин мандатын кайтаруу боюнча арызды кароодон баш тартты

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевдин Жогорку Кеңештеги депутаттык ыйгарым укугун калыбына келтирүү боюнча арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өмүрбек Текебаев борбордук шайлоо комиссиясынын "Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 токтомун жокко чыгарып, "Ата Мекен" фракциясынын жетекчилиги ордуна келүүсү үчүн сотко арыз жазган.

Соттун билдирүүсү боюнча, арыз канааттандырылган жок, анткени Кылмыш-процессуалдык кодексинде кызмат орду жана парламенттик фракциясынын жетекчилик кызматын калыбына келтирүү каралган эмес.

Текебаев 2017-жылы Бишкек шаардык сотунун коррупциялык иш боюнча чечиминен кийин депутаттык мандатынан ажыратылган. Ал мандатын 2020-жылдын октябрь айында калыбына келтирген. Андан кийин Темирлан Ормуков БШКны сотко берген. Доогердин айтымында, шайлоо комиссиясы айыпталуучу статусуна байланыштуу Текебаевге мандатты кайтарып берүүгө укугу жок болчу.

23-ноябрда Административдик сот БШКнын 2020-жылдын 15-октябрындагы токтомунун негизинде Текебаевдин Жогорку Кеңештин депутаты макамын калыбына келтирген чечимин жараксыз деп тапкан. БШК бул соттун чечимине каршы болуп кайра карап чыгуусун өтүнгөн. Бирок Жогорку Сот чечимди күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан