Биз социалдык тармакта

Бишкектеги базардын биринде кафеден өрт чыкты

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарындагы "Дордой Моторс" базарында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин районунун "Дордой Моторс" унаа тетиктер базарынын аймагында жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Өрттү өчүрүүгө саат 16:10до Ленин райондук ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 16:30да чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет", - дешти аталган министрликтен.

Бишкектеги базардын биринде өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан