Садыр Жапаров шайлоо өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы" жөнүндө конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

"Конституциялык мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 16-июнунда кабыл алынган. Негизги максат - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктарын жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү. Конституциялык мыйзам Борбордук шайлоо комиссиясынын ишинин укуктук статусун жана принциптерин аныктайт", - деп жазылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан