Биз социалдык тармакта

"Кыргыз темир жолу" ишканасына Азамат Сакиев башкы директор болуп дайындалды

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп Азамат Сакиев дайындалды. Маалыматты аталган ишканадан кабарлашып, тиешелүү буйрукка 25-июнда кол коюлганын билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы директору болуп Азамат Сакиев дайындалды.

Азамат Сакиев 1989-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.

Билими жогорку, башкаруу адиси (Nottingham University UK, International Business; Malaysia).

2019-жылы "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында эмгек жолун баштаган, кызматка дайындалганга чейин ишкананын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча филиалынын "Мамлекеттик сатып алуулар" бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан