Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Түркмөнстандагы расмий иш сапары жыйынтыкталып, ал Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан маалымдашты.
Расмий сапардын биринчи күнү, 27-июнь. Мамлекет башчысы өлкөнүн туңгуч президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана "Turkmenbashynin Ruhy Metjidi" (Түркмөнбашынын Рухий мечити) мечитине зыярат кылды.
Андан кийин Садыр Жапаров Түркмөнстандын эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коюп, ошол жердеги Ардактуу меймандар аллеясына бак отургузду.
Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүн көрүп чыгып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышына катышты. Анын алкагында эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда ар кыл тармактарда кызматташуу жөнүндө бир катар макулдашууларга кол коюлду.
Расмий сапарынын экинчи күнү, 28-июнь. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары менен келечегин тет-а-тет форматында жана кеңейтилген форматта талкуулашты.
Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Мындан тышкары, эки өлкөнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.