Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын ийгиликтүү деп баалады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Казакбаевдин айтымында, өлкө башчынын расмий иш сапарынын алкагында, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен чакан жана кеңейтилген форматта эки тараптуу жолугушуулар өттү. Жалпысынан иш сапар ийгиликтүү болду.
“Кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстан – стратегиялык өнөктөштөр жана бир тууган элдер. Ошондой эле биз БУУ, ЕККУ, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, КМШ жана башка көп тараптуу платформалардын алкагында активдүү кызматташабыз жана ишенимдүү өнөктөштөрдөн болуп саналабыз", - деген министр.
Руслан Казакбаев бир күн мурун бизнес-форум болуп өтүп, анын жыйынтыгында эки мамлекеттин мамлекеттик жана менчик компанияларынын ортосунда 15 келишим түзүлгөнүн айтты. Ошондой эле ар кандай тармактардагы 15 эл аралык келишимге, макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду. Атап айтканда, айыл чарба, маданият, спорт, соода-экономикалык мамилелер, өндүрүштүк кооперация жана башка тармактарда.
Анын белгилешинче, уставдык капиталы 100 миллион АКШ долларын түзгөн Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишим үчүн түркмөн тарапка ыраазычылык билдирүү керек. Учурда Экономика жана финансы министрлиги келишимдин тексти боюнча иштей баштады. Ошону менен бирге келечекте кыргыз-түркмөн мектептерин куруу жөнүндө алдын ала сөз болду.
Министр сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык коопсуздук маселелери – учурдагы мезгилдин коркунучтары боюнча маселелер дагы талкуулангандыгын баса белгиледи. Кеп Ооганстандагы кырдаал, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана эл аралык террорчулук менен экстремизмге каршы күрөшүү маселелери тууралуу жүрдү.
Руслан Казакбаев энергетика жаатында кызматташуу маселелери көтөрүлгөнүн кошумчалады. Коңшу республикалардын аймактары аркылуу Кыргыз өлкөсүнө жаратылыш газын жана электр энергиясын өлкө үчүн алгылыктуу баада жеткирүү боюнча алдын ала макулдашуу бар. Бардык маселелер жана келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелерге шайкеш келгенин белгилей кетүү маанилүү.