Эмомали Рахмон: "Эки өлкөнүн элинин бири-бирине ишенимин калыбына келтирүүбүз керек"

Бүгүн, 29-июнда президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тар чөйрөдө сүйлөшүүсү болду. Эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн басымдуу бөлүгү чек ара тууралуу өтүп, ал 6 саатка созулду. Садыр Жапаров менен Тажикстанга барган делегациянын курамынын мүчөсү Эмомали Рахмондун бул жолугушууда айткандары боюнча SUPER.KG порталына маалымдады.

"Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын президенти, урматтуу Садыр Нуркожоевич менен жана эки өлкөнүн делегацияларынын мүчөлөрүнүн катышуусундагы тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Биз өзүбүздүн астыбызга эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары бекемдөө тапшырмасын бекиттик. Ошондой эле тажик-кыргыз алакаларын, анын ичинен саясий диалогдордо эки тараптуу аракеттешүүнүн механизмдери бар экенине макулдаштык.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн социалдык, соода жана экономикалык байланыштарын анализдедик. Биздин өлкөгө артыкчылыктуу жагдайларды эске алуу менен соода алакаларын жакшыртуу чаралары талкууланды.

Албетте, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери дагы болду. Бул көйгөйдү чечүүдө тараптардын кызыкчылыктары бирдей эске алынары жетишилди. Айта кетүүчү жагдай, биз чек ара маселелери тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2002-жылы эле баштаганбыз. Жалпы 20 жыл аралыгында эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча түзүлгөн комиссия, тиешелүү тараптардын делимитация жана демаркация иштери боюнча 180 жолу жолугушуусу өткөн. Мындай иштердин жыйынтыгын чыгаруу тапшырмасын койдук.

Коңшу өлкөнүн президенти менен чек арада орун алган трагедиялуу окуя тууралуу дагы сүйлөштүк. Тилекке каршы, эки тараптан тең кан төгүүлөр болуп кетти, эми дагы бир башкы маселелердин бири - эки тараптын элинин бири-бирине болгон ишенимин калыбына келтирүү", - деген Эмомали Рахмон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан