"Евро-2020": Тайпасынан илең-салаң болуп чыккан Украина турнирдин чейрек финалына чыкты

Футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалында Украина менен Швеция Глазго шаарында кез келип, оюн 2:1 эсебинде Украинанын жеңиши менен аяктады.

Беттештеги алгачкы голду 27-мүнөттө Украинанын курама командасынын коргоочусу Александр Зинченко киргизди. Кийин Швеция курама командасынын жарым коргоочусу Эмиль Форсберг эсепти теңеди. Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебинде аяктап, командалар кошумча 30 мүнөт ойномой болушту.

Кошумча убакыттын 121-мүнөтүндө Украинанын чабуулчусу Артем Довбик киргизип, Украинаны чейрек финалга алып чыкты. Эми Украина чейрек финалда Англия менен кез келет.

1/8 финал: Украина - Швеция (1:2);

Голдор: Александр Зинченко (27-м), Эмиль Форсберг (43-м), Артем Довбик (120+1).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан