"Мен туулган күнгө анча деле сүйүнө бербейм". Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова 73 жашка толду

Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын ээси, бир нече кинотасмаларда, спектаклдерге башкы ролдорду жогорку деңгээлде аткарган актриса Назира Мамбетова бүгүн, 30-июнда 73 жашка толду. SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктоо үчүн байланышканыбызда актриса айым төмөнкүлөргө токтолду.

"Астанадан келе жатам, азыр Алматынын аба майданында Бишкекке учайын деп жатам. Мен негизи туулган күнгө анча деле сүйүнө бербейм. Себеби бир жылга картайып калам да. Бирок Кудайдын берген жашына шүгүр. Чалып куттуктаганыңар үчүн чоң рахмат", - дейт Мамбетова.


Жети бир туугандын экинчиси, Көл жээгинде өткөн балалык...

Назира Мамбетова 1948-жылы 30-июнда Ысы-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси чабан болуп, үй-бүлөдө 7 бир туугандын экинчиси болгон. Кичинесинен эле чыгармачылыкка болгон ышкысы ойгонуп, ырга, бийге кызыгуусу арткан. Кийин 1966-жылы Фрунзедеги Музыкалык-педагогикалык окуу жайына тапшырып, кийин Москвадагы театралдык институтка өтүп кеткен.

Чыгармачылык чыйыр жол...

Актриса маектеринин биринде "Чыгармачылык жолумда көп нерсени көрдүм. Бирок бир да жолу өкүнгөн жокмун" дегени бар. 3-курста окуп жатканда Грузин тасмасына эпизоддук роль жаратып, кийин Чыңгыз Айтматовдун "Мен Тянь-Шань" фильминде Кадичаны ийине жеткире ойногон. Ошондой эле "Ак Кемеде" Бекейдин, "Карагызда" Мактымдын, "Курманжан Датка" киносунда Курманжан Датканын, ошондой эле бир топ спектаклдерде башкы ролдорду жогорку чеберчилик менен аткарып, элдин жүрөгүнөн түнөк таап, көрүүчүлөрдүн сүйүктүү актрисасына айланган.

Учурда актриса бир уул, бир кыздын сүйүктүү энеси, 4 небереси бар.

30-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2021-06-30 23:55:03
Туулган кунунуз менен, ылайым коп жашап,балдарыныздын неберелериниздин урмат сыйын коруп журо бериниз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан