Военно-Антоновкадагы балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмү: Экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон 12 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экспертиза бала сабалганын тастыктады.

"Буга чейин аталган өспүрүмдүн өлүмү боюнча соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалганын маалымдаганбыз. 29-июнда дайындалган тийиштүү экспертизалардын корутундусу келип түштү.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен иш кайрадан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине ("адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү") которулду.

Учурда жашы жете элек күбөлөргө соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш уланып жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.

Маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин Акыйкатчы институту интернаттын директорун иштен четтетүүнү талап кылган. Ошондой эле мекемеден каза болгон өспүрүмдү АКШнын жарандары асырап алууга ниеттенип жүргөнүн, алар окуя болгонго чейин 4 жолу жолукканын кабарлашкан.

Окуянын бардык жагдайларын кылдат, объективдүү иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Чүй ОИИББи каза болгон өспүрүмдүн денесинде зомбулуктун белгилери болбогонун маалымдаган. 17-июнда билим берүү жана илим министринин орун басарына сөгүш берилген.

Каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча хронология менен ссылка аркылуу кирип тааныша аласыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан