"Барселона" футболдук клубунун атактуу аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси эркин агент болуп калды. Мындай маалыматты чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Андагы маалыматта айтылгандай, Мессинин "Барселона" менен келишими бүгүн, 1-июлда аяктады. Азырынча келишимдин узартыла турганы расмий жарыялана элек. Ошол эле учурда Месси "Барселона" менен жаңы келишим түзө алат.
34 жаштагы аргентиналык футболчу өзүнүн карьерасынын бардыгын каталониялык клубда өткөргөн. "Барселона" менен Месси төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.