"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан менчик клиникалардын бирине которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ал ден соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан менчик клиникага которулган.
Буга чейин Василий Дашков 8-августка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилгени маалымдалган.
Ал "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турганда миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгону аныкталган. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1 миллиард 500 миллион сомго бааланган.