Тарыхтагы даңазалуу актёрлордун бири Чарли Чаплин өзүнүн жашоосу жөнүндө жазган китебин "Менин өмүр баяным" деп атаган. Актёр бул китебинде жашоонун 12 чындыгы тууралуу жазган.
* Эгер бүгүн күлбөсөңүз, анда күнүңүз текке кетти деп эсептей бериңиз.
* Бул дүйнөдө эч нерсе түбөлүктүү эмес - айрыкча кыйынчылыктар.
* Эгер жашоого өтө жакындан карасаң трагедияларды байкайсың. Ошондуктан артка кадам таштап, ырахаттанууну билиңиз.
* Биз өтө эле көп ойлонобуз жана абдан аз сезебиз.
* Чындап күлүү үчүн, сиздин ачууңузга тийип жаткан нерсе менен ойногонду үйрөнүңүз.
* Люкс жашоого көнүп албаңыз. Бул кайгылуу нерсе.
* Ийгиликсиздик чындыгында эч кандай мааниге ээ эмес. Кыйынчылыктарды жеңүү үчүн кайраттуу адам болсоңуз жетиштүү.
* Бир гана клоундар чындап бактылуу болушат.
* Сулуулукту түшүндүрүүнүн кажети жок. Анткени ал ар дайым көрүнүп турат.
* Кээде туура эмес иштерди туура убакытта, туура иштерди туура эмес убакытта жасаш керек болот.
* Үмүтсүздүккө жеңилбеңиз. Бул адамды кайдыгерликке түрткөн наркотик сыяктуу.
* Бул дүйнөдө даяр шаблондорго баш ийбеген адам гана тирүү калат. Өзүңүздү эркин сезиңиз.