Бүгүн, 2-июлда Ош шаарында эки жарым жаштагы Эльзана аттуу кыз дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.
"Бүгүн, 2-июлда болжол менен саат 15:30дар чамасында Ош шаарынын Манас Ата кичи районунда (ХБК) 27-мектептин айланасында эки жарым жаштагы кыз жоголду. Аты Эльзана. Атасынын аты Замир, апасынын аты Нурсулуу", - деп жазылат билдирүүдө.
Эльзана ушул сүрөттөгү кийими менен үйүнөн ойноп чыккан. Видео көзөмөлгө ушул баланын артынан ээрчип кетип жатканы түшкөн. Ош шаардык мэриясы шаар тургундарынан көргөн-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнөт.
Байланыш телефондор: 0557 912 010, 0700 979 561.