Бүгүн, 2-июлда Ош шаарында дайынсыз жоголгон 2 жарым жаштагы Эльзана аттуу кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эки жарым жаштагы кыз аман-эсен табылды. Учурда бул боюнча иликтөө иштери башталды", - деп билдиришти мэриядан.
Буга чейин Ош шаардык мэриясы 2 жарым жаштагы Эльзана бир баланы ээрчип кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.