Акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүү сунушталган ырчы МакSимдин абалы айтылды

Жасалма комада жаткан орусиялык ырчы МакSимдин абалы дагы деле болсо өзгөрүүсүз оор бойдон калууда. Бул тууралуу анын дарыгерине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Ал дагы деле болсо жасалма комада. Андан коронавирус аныкталган жок. Бирок абалы өзгөрүүсүз оор бойдон калууда", - деген ырчынын дарыгери.

Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган. Өз кезегинде орусиялык ырчы Стас Барецкий аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүүгө даяр экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
munduz2016
2021-07-03 15:22:58
Кой дегиле,жашасын.
+4
tannuru1503
2021-07-03 18:12:08
Неге башкалар жардам берип узатышат экен.Ата- энеси,туугандары жокпу?
0
Gulina90
2021-07-03 20:38:50
Жаш Аллахым шыпаасын берип жашап кетсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан