Биз социалдык тармакта

Жумушуна мас болуп келген судья кызматынан бошотулду

Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлады.

"Судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Дамирбек Оңолбеков Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облустук сотунун судьясы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду", - деп жазылат билдирүүдө.

Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, 7-июнда сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында президент Садыр Жапаров облустук соттун төрагасы жумушуна мас болуп келген видеону көрсөткөн.

Мамлекет башчы Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакировага кайрылып, бул судьяга тез арада чара көрүүнү сунуштаган. Ал эми төрайым бул иш боюнча чара көрүлөрүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuban-1207
2021-07-03 14:35:35
Эми эки ай өткөндөн кийин бошоттубу
+6
patriot.kg94
2021-07-03 20:23:08
Kuban-1207, жоок бир ай, эки ай эмес эсептешти билесинби
0
NURSAPAR
2021-07-03 14:37:24
Башка орунга барбайбы? Камап эле салбапсыңар.
+6
Asmat84
2021-07-03 15:15:35
Бул судья коомго ушунчалык чоң резонанс жараткан адамды ээми иштен айдап атабы эмнеге сразу эле реакция кылбайт бул бизге элге жеткени гана жетпегени канча жүрөт
+5
Rifle_I
2021-07-04 01:36:28
Бир аз убакыттан кийин башка орунга отурса таң калбай кое бергиле. Себеби кыргыз жакшы жашоого татыктуу эмес. Арабызда акчага ата энесин сата тургандар бар. Аларды жок кылыш керек, анан тазаланабыз.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан