Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
"Кара-Кулжа районунун Күйөө-Таш айылында селден зыянга учураган 11 турак жайды тазалоо иштери жана 250 метр ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштерине 2 офицер 3 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 жаран 1 эксковатор, 1 автожүктөгүч тартылды. Тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жана адам өмүрүнө зыян келгендер жок", - деп билдиришти ӨКМдан.