"Талибан" кыймылы менен болгон кагылышууга туруштук бере албай артка чегинген 300дөй Ооган аскери коңшу Тажикстанга өттү. Бул тууралуу Тажикстандын чек ара кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Андагы маалыматта, кечээ, 3-июль күнү кечинде Ооганстандын Хохон, Шахрибузург, Рогистон, Бадахшан аймактарында кырдаал курчуган. Кагылышуудан кийин бул аймактар толугу менен "Талибандын" карамагына өткөн.
"Ооганстандын Куралдуу күчтөрүнүн 300 артка чегинген аскер кызматкерлери өмүрүн сактап калуу үчүн Тажикстандын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аргасыз болушкан. Ооган аскерлери Тажикстандын аймагына "Истиклол" жана "Саригор" заставасы аркылуу киришти. Тажик чек арачылары гуманизм жана жакшы коңшулук катышты эске алып, артка чегинген ооган аскер кызматкерлеринин өз аймагына өтүүгө уруксат берди", - деп билдирген Тажикстандын чек ара кызматы.
Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.
1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.