"Дарыгерлер жакшы болуп кетеби деген суроого жооп берген эмес". Орусиялык ырчы МакSимдин абалы айтылды

Орусиялык ырчы МакSимдин абалы дагы деле оор бойдон калууда жана ал эсине келе элек. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары ырчынын жакындарына таянуу менен жазышты.

Андагы маалыматта, жасалма комада жаткан МакSим эсине келе элек. Бирок анын аң-сезими жайында. Учурда МакSим жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Ошол эле учурда ырчыдан коронавирус инфекциясы аныкталган эмес. Өз учурунда дарыгерлер ырчы калыбына келер-келбесин айтуудан баш тартышкан.

Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган. Өз кезегинде орусиялык ырчы Стас Барецкий аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүүгө даяр экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан