"Талибан" кыймылы Ооганстандагы бардык чет элдик аскерлердин өз убагында чыгып кетишин талап кылды

Ооганстандын бир нече аймагын толугу менен көзөмөлгө алган "Талибан" кыймылы Ооганстандын аймагындагы чет элдик аскерлердин өз убагында өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды. Бул тууралуу "Талибан" кыймылынын өкүлү Сухаил Шахинге таянуу менен чет элдик басылмалар жазды.

"Биз аларга эч кандай коркунуч туудурбайбыз. Алар Ооганстандан белгиленген мөөнөттө чыгып кетиши керек", - деген Шахин.

АКШ күчтөрү жана алардын НАТОдогу өнөктөштөрү Ооганстандан апрель айында кете башташкан. Бул процессти 2021-жылдын 11-сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда. Ал эми Улуу Британия Ооганстанда чакан аскер кызматкерлерин калтырууну көздөөдө. Бирок бул боюнча азырынча акыркы чечим жок. Чечимди жакын арада Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кабыл алышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulina90
2021-07-05 12:29:54
Тынччылык эле болсунда,оору сыркоо кобоюп жатса,булар Кооп кетишти го .
+2
bessmertiy
2021-07-05 14:07:35
Gulina90,көппөй эле өз өлкөсұн чет элдиктерден коргоп атат.
+1
Rifle_I
2021-07-05 14:06:00
Врач катары мени ошол жердеги жергиликтүү элдин ден-соолугу олондуруп жатат. Ал байкуштар эмне болуп жатты экен. Жөнөкөй аппендициттен өлүп жаткан болсо аябай өкүнүчтүү. Же талибан кыймылы камсыздап жатты бекен керектүү медицина менен?
Тамак ашы кандай болуп жатты экен?
+7
aslan_akjol89
2021-07-05 23:56:51
Палестинанын ХАМАСы сыяктуу эле уюм болсо керек талибтер.Убагында Кыргызстанда деле Курманжан датканын уулу Камчыбектей патриоттор сыяктуу.Ботон элге тепселетпейбиз деген.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан