Кыргыз жараны Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунда сөз сүйлөп жатып буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга алып келингенин кабарлаган.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды кармалып, Түркияга алып келингенин билдирди. Кыргыз тарап кандай аракет көрүшү керек?" деген собол салды.
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Тышкы иштер министрлиги Орхан Инандыны кайтарууну талап кылышы керектигин айтты.
"Мындай учурда Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасаш керек. Кыргыз жараны кармалганына байланыштуу аны кайра өткөрүп берүүнү талап кылуу зарыл. Тышкы иштер министрлиги элчиликке кайрылып маалыматтарды тактап берүүнү сурануусу шарт. Аны кайра кайтарып береби бул Кыргыз өлкөсүнүн аракеттерине жараша болот", - дейт ал.