Саясат таануучу Марс Сариев: "Орхан Инандынын Түркия тараптан кармалышы Кыргыз мамлекетинин имиджине чоң зыян алып келди". АПТАСОБОЛ

Кыргыз жараны Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунда сөз сүйлөп жатып буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга алып келингенин кабарлаган.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды кармалып, Түркияга алып келингенин билдирди. Кыргыз тарап кандай аракет көрүшү керек?" деген собол салды.

Саясат таануучу Марс Сариев Орхан Инандынын Түркия тараптан кармалышы Кыргыз мамлекетинин имиджине чоң зыян алып келгенин айтты.

"Тышкы иштер министрлигинен нота жөнөтүлгөндөн кийин көрөлү. Кыргыздын жаранын өлкөдөн Түркия тарап алып кеткени туура эмес. Бул Кыргыз мамлекетинин имиджине чоң зыян алып келди. Нота жиберсе эле Түркия Кыргыз өлкөсүнө Орхан Инандыны берип койбойт", - деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан