Биз социалдык тармакта

"Акыркы 40 доллар акчабыз калды". Индияга барган Кыргыз жарандары өлкөгө келе албай көчөдө калышканын айтышууда

Индияга дарыланууга барган Кыргыз жарандары Кыргыз өлкөсүнө келе албай жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына учурда Индиянын Дели шаарында батирде жашап жаткан Милан Садыкжан уулу билдирди.

Ал 50дөй адам өлкөгө кайта албай жатканын билдирди. Анткени Дели-Бишкек чартердик каттамдары токтоп калган.

"Карапайым элден акча топтоп, тууганымдын боорун алмаштырууга келгенбиз. Бирок кайрадан анализ тапшырганда боор жана бөйрөк жараксыз экенин билдик. Дарыгерлер "Бейтаптын акыбалы өтө оор. Эгер операцияга макул болсоңор эртерээк донор таап, акчаңарды даярдагыла" дешти. Биз эптеп карызга 40 миң АКШ долларын таап, тууганымды операцияга киргиздик. Дагы 10 миң АКШ доллары жетпей калып, бизди ооруканадан чыгарбай коюшту. 5 миңдей АКШ долларын төлөп, калганын Кыргыз өлкөсүнө келип кайтармай болдук. Ооруканадан чыккандан бери 1 жарым ай өттү. Ошондон бери каттам жок. Элчиликке кайрылсак, 25-июнда чартердик каттам болот деген. Ал болбой калды.

Ушул айдын 7си болот деген. Ага жетпей эле акча төлөй албай калып, жатаканадан чыгарып салышты. 30-июнга 5 адам 2 миң 100 долларга Дели–Ташкент каттамы боюнча билет алганбыз. Тилекке каршы, ал да учпай калды. Биздин акчабызды кайтарып бербей же билеттин күнүн жылдырып бербей орто жолдо калдык. Өзбекстан, Казакстан, Ирак, Арабия жана башка өлкөлөр өз жарандарына тынымсыз каттам уюштуруп, алып чыгып кетип жатат. Кыргыз өлкөсүнө бара турган болсок, алгач бул жактан анализ тапшырабыз. Эмне себептен Саламаттыкты сактоо министрлиги өз мекенибизге баруубузга каршы чыгып жатат? Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин да бейтаптарга бир сом салым кошкон эмес. Учурда акыркы 40 доллар акчабыз калды. Мындан ары эмне кыларыбызды билбейбиз", - деди Милан Садыкжан уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Milduri
2021-07-06 17:43:01
Аллах жардамчы болсун силерге, аман-эсен келип алгыла.
+6
Rifle_I
2021-07-06 18:35:02
Туугандар коррупциянын жыйынтыгы аябай өкүнүчтүү болот. Мына 30 жылдан бери акчага алданып ар кимди шайлап келдик. Же билим берүү жок, же айыл чарба жагынан жок. Баардык жактан кур калдык.
+4
Rifle_I
2021-07-06 18:36:05
Алданбагылачы туугандар. Саясатта тааныш билиш, коңшу коло, тууган урук болбош керек. Чыныгы иштейм дегендер бар. Абдулла Ташиевич агабыз жүрөт айыл чарбаны көтөрөм деп.
+2
Rifle_I
2021-07-06 18:36:28
Билимдүү кадрлар келбесе дагы артка кете беребиз.
+4
Rifle_I
2021-07-06 18:36:58
Эгер баарыбыз таза болсок азыр минтип тентибей өзүбүздө жасалат эле мындай операциялар.
+4
Invests
2021-07-06 22:08:55
Шайлоодо алган 2000сомунар жетпедиби.
+2
Dembele84
2021-07-07 01:59:35
Садыр сабатсыз бийликте турганда силерге жардам бербейт!
-1
kkkk3259780
2021-07-07 13:10:48
Dembele84, ага чейин кандай болуп атты эле ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан