Президенттин тапшырмасы менен Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Тышкы иштер министрлиги нота тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түркиянын дипломатиялык миссиясынын башчысына Орхан Инандынын колго түшүрүү жана Түркияга жеткирүү боюнча түрк тараптын операциясына байланыштуу нота тапшырылган.
Кыргыз тарап түрк тарапты Инандыны Кыргыз өлкөсүнө кайтарып берүүгө жана аны менен туура мамилени камсыздоо, ага каршы зомбулук жана кадыр-баркты басмырлаган иш-аракеттерди эл аралык укуктун ченемдерине ылайык колдонбоо үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырган.
Өз кезегинде, элчи Инанды Түркия Республикасынын жараны экендигин баса белгилеген. Ошол эле учурда ал белгилегендей, түрк тарап аталган операциянын Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлө тургандыгын жарыялаган эмес.