Өлкөдө 6 ай аралыгында 906 каржы пирамидасы аныкталды. ИИМдин маалыматына ылайык, анын арасында Талас шаарында түзүлгөн "Эл биримдиги" өнүктүрүү фонду деп аталган компания да бар.
Буга чейин социалдык тармактарда милиция кызматкерлери үч-төрт жаран менен биргеликте капка салынган жана жерде чачылып жаткан акчаны санап жаткан видео тараган. Талас облустук милициясы аталган фонддун кеңсесин тинтүү жана каражатты саноо жүргүзүлгөнүн, териштирүү жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.