34 миллион сомдон ашык зыян келтирилди. Өлкөдө жарым жыл аралыгында 906 каржы пирамидасы аныкталды

Кыргыз өлкөсүнүн аймагында каржы пирамидаларын түзгөн 906 факты аныкталды. Бул ушул жылдын 6 ай аралыгындагы көрсөткүч экенин ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Ош шаары - 16, Ысык-Көл облусу - 886, Баткен облусу - 1, Талас облусу - 3.
Анын ичинен сотко жөнөтүлгөн - 875 (Ош шаары - 14, Ысык-Көл облусу - 861), токтотулган - 1 (Ош-1), сотко чейинки өндүрүштө - 30 (Ош шаары - 1, Ысык-Көл облусу - 25, Баткен облусу - 1, Талас облусу - 3).
"Жарандарга келтирилген материалдык чыгым 34 миллион 731 миң 331 сомду түзгөн (Ош шаары - 2 миллион 529 миң 431 сом, Ысык-Көл облусу - 19 миллион 55 миң сом, Баткен облусу - 79 миң 400 сом, Талас облусу - 13 миллион 67 миң 500 сом).
Азыркы учурда Ысык-Көл жана Талас облусунун аймактарында каржы пирамидаларды түзгөндөр көп катталууда. Облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматтарынын өндүрүшүндө каржы пирамидасынын принцибинде иштеген уюмдарга карата бир нече кылмыш иштери бар. Алсак, "Улан-Амал", "Балыкчы-Ынтымак", "Ырыскы", "Аккуу", "Ак-Тилек", "Жүрөккө-Жүрөк", "Жүрөккө-Жүрөк Тоң", "Кут", “Нью-Миллениум”, “Манийклуб” жана акыркы факт Талас облусундагы "Эл Биримдиги", - дешти мекемеден.
Ички иштер министрлиги дагы бир жолу эскертет! Эгерде сизге жогорку киреше жана акча табуунун оңой жолдорун сунуштаса, анда токтоосуз аргументтерди укпастан кетишиңиз керек - алдамчылар адатта жакшы манипулятор болушат жана адамга психологиялык жана эмоционалдык таасир көрсөтүүнү мыкты өздөштүрүшкөн. Мунун бардыгы кезектеги "алдоо" экендигин түшүнүшүңүз кажет. Мындай мыйзамсыз иш-аракеттер Жазык кодексинин 214-беренеси (Финансылык пирамидаларды уюштуруу) боюнча ылайык иликтенет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан