Ырчы Анжелика менен блогер Ажара Алишерова социалдык тармак аркылуу кайым айтышууда. Алар Инстаграмдагы жеке баракчасына өздөрүнүн пикирлерин жазып калтырышты.
Блогер Ажара Алишерова болгон окуя үчүн кечирим сураганын айтып, депрессияга, стресске кабылганын, өзүнө кол салуу ою болгонун жазган.
"Мага айтылган сын-пикирлерди көрмөксөнгө салып койгондон башка арга жок болчу. Бирок 2 миллион катталуучусу бар аккаунтка жүктөлгөндө, кантип эле тема кайра козголбой койбойт?
Жаш болобу, улуу болобу айырмасы жок, байкабай ката кетирип аларыбызды баарыбыз жакшы билебиз. Маалымат каражаттарында ар кандай талкуу болгондо, ар кандай видеолор чыгып, үй-бүлө туурасында жаман сөздөр жазылганда же сөздөн адашып "ыйык микрофон" темасы чыкканда кандай оор болот. Кандай сезимдер болот? Муну башынан өткөргөн гана адам түшүнөт деп ойлогом.
Жеке кат аркылуу "жакшы жүр, сен абийириңди төктүң, бирок ал нерсе артка кайтпайт" жана башка сөздөрдү жазган менен "атактуулукту көтөрө албагандар..., Аллах ыйман, сабыр бер" дегендин айырмасы чоң. Ыймандуу адамдар да жаңылыштык кетирет...", - деген.
Анжелика айым буга жооп кылып блогер менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн сүрөттөрүн жарыялады.
"Унчукпай койсом пост жаздың. "Ошону ким жайылтса 500 сом" деп ойноп жатасың. Ал пост мени жамандаган пост. Боор ооруган боорго тебет. Мен аркылуу атактуу боло беришсин.
Мени 2 миллион катталуучусуна чыгарды дегенди кандай түшүнсө болот? Ким менин баракчамдан же сторисимден бул кыздын интернетке жайылган видеосун көрдү? Менин жаңылып айткан сөзүм менен унитазда жуунуп калган видеоңду салыштырба! Телеканалдардын бирине атайылап мени айтканыңда унчуккан эмесмин. Мен билем сени өспүрүмдөр колдоп жатат. Анткени алар көбүнчөсү улуулардын айтканын уккусу келбеген курактагылар.
Сен азыр мени жамандап, өзүңө мактоо сөзүн жаздырууну максат кылбай, ата-энеңдин барып бутун өп! Туугандарың менен бир аз болуп кой", - деген ал.
Анжелика өзүнүн билдирүүсүндө блогер Ысык-Көлгө качып кеткенин, ал мас абалында болгонун жазган.
"Азыр соо болсо дагы жакшылык каалаган адамга асылганын койбой жатат. Ютубда толугу менен бир сааттык видеосу жүрөт. Мен башын көрүп эле токтоттум дагы дароо сториске кызды кырк үйдөн тыюу керек деп быйтыкча менен ачык денесин жаап жаздым. Менден сага каалашыңча посттор, жарнамалар бекер болот, эгерде мурдагыдай кайрымдуулукка басым жасап, оңолуп кетсең.
Ошто мага келгениңде көзүң айнекке окшоп, каректерин капталды карап, өзүң бир орунда турбай, колу-бутуң титиреп турганың эсиңдеби? Мен сени жакшы кыз экен деп сыйлык бергем. Мен аракетчил жаштарды колдоп келем!", - дейт. Ошондой эле ырчы блогердин ата-энесине кайрыларын кошумчалаган.
Мындан бир нече күн мурда интернет айдыңында Ажара Алишерованын мас абалындагы видеосу тарап, кызуу талкууга алынган.