Электр энергиясына жаңы тариф сентябрда ишке кирет. Баалар кандай болот?

Өлкөдө электр энергиясына жаңы тарифтерди ушул жылдын 1-сентябрынан тарта киргизүү пландалууда. Жаңы тариф карапайым элге кыйынчылык жаратпайбы? Бул тууралуу SUPER.KG порталы энергетика тармагындагы эксперт Бакыт Асанбаев менен маек курду.

- Электр энергиянын тарифтик саясат долбоору коомдук талкуу үчүн өкмөттүн сайтына илинген болчу. Сунушталган негизги өзгөрүүлөр биринчиден жалпы элге тарифтер 77 тыйындан 1 сом 0,9 тыйынга чейин көтөрүлүп жатат. Ошол эле 700 киловаттык чектөө алынууда. Кыш мезгилинде ноябрь айынан март айына чейин 1000 киловаттан ашса 2 сом 52 тыйын болору сунушталууда. Бирок алыскы тоолуу аймактарда жашаган абоненттерге жалпы жагылган көлөмүнө 1 сом 0,9 тыйын бойдон калтыруу сунушталып жатат.
Сууну чыгара турган насостук станциялар үчүн 1 сом 0,9 тыйындан тариф сунушталды. Троллейбус жана башка электр энергиясы менен жүргөн транспортторго 1 сом 58 тыйындан 1 сом 68 тыйынга чейин көтөрүү инфляцияга байланыштуу болуп жатат. Инфляция 2020-жылы 6,3 пайызды түзгөн. Интернат, карылар үйү, мечит, чиркөөлөргө тариф 2 сом 24 тыйындан 1 сом 68 тыйынга түштү. Базарлар, дүкөндөр жана башка соода тармагындагы абоненттер жана бюджеттик мекемелер үчүн 2 сом 52 тыйын кылуу сунушталып жатат. Алтын казуучу ишканалар, цемент заводдору, алкоголь өнөр жайы үчүн 2 сом 52 тыйындын ордуна 5 сом 4 тыйын кылуу сунушталды.
Жаңы тарифтер ишке кирсе эл кыйналбайт. Мисалы, 1 миң киловатт саат жаккандан кийин эсеп 1 миң 95 сомго келет. Ал эми 1 миң киловатт саатты азыркы тарифтер менен санаганда 1 миң 190 сом болуп кетип жатат. Тескерисинче, эсеп азаюуда. Анткени учурда 700 киловаттка чейинки чектөө бар. Андан ашса тариф 2 сом 16 тыйын алынат. Жаңы сунушта болсо кышкы мезгилге 1000 киловатт берилип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
assanov97
2021-07-07 17:06:24
Оштогу этаж уйлор ашып барса 300-500 квт жагат. Азыр 300 квтга 231 сом толосо жаны тариф менен 327 сом толойт
+9
Aimani
2021-07-07 17:33:15
assanov97,Не только оштогу этаж уйлор, биз жер тамда деле 300квт тегерегинде жагабыз.кышында комур менен.
+6
Mr.altynbek
2021-07-08 13:13:07
assanov97,эн туура булар алдап атат 1000кв айтып,андан азды айтпайт
+4
Dalil
2021-07-07 20:39:58
Ошол карапайым калктын копчулугу 700кВтка жетпеген электр энергиясын иштетет айына. Антип элди алдабагыла. Лимиттен кыш мезгилинде эле ашпаса башка убакта аз эле иштетишет
+8
Dalil
2021-07-07 20:41:27
Садыр Жапаров бийликке келгенде онолобузго эми деп умут кылган элем, бирок акыркы убакта умутторум соолуп барат.
+13
kazakov1991
2021-07-07 21:53:33
Dalil, сен умут кылган белен ;););)
-16
Dalil
2021-07-08 15:30:47
kazakov1991,ооба таза иштейт коррупционерлерди жок кылат, анан онугобуз деп умут кылгам. Бирокчу дегенде эле биз Баткендиктерди тажиктердин алдыда баш которгус кылды. Тарифти которордон мурда ортомчу компанияларды жок кылса деле мамлекетке коп киреше кирмек
+4
Dembele84
2021-07-07 21:33:19
Садыр баарын алдады,президент болуу астында суйлогон создорун корсон укмуш,Кыргызстанды бир эле айда которуп койом дегенге чейин барган.Эми баарын наоборот кылып кымбаттатып,онукпой эле артка кеттик кайрадан,тышкы саясатта озунун сабатсыздыгын корсотуп шерменде кылып журот.Онолбойбуз бул кетиште!
+13
Tursunbaev1978
2021-07-08 12:57:33
Dembele84,Ниетти оңдосок оңолобуз,силерге таң калам,Садыр сыйкырчыбы,бир дегенделе оңолуп кеткидей,аракет кылып эле атат,ар ким өз жумушубузду кылайлы
-9
Dembele84
2021-07-08 15:54:20
Tursunbaev1978,баары эле аракет кылып жатабыз деп журуп сазга батып олду Кыргызстан.Сен тазалап жалаштан алыс болуп оз арабанды тарт киришпей!
+2
Malik92
2021-07-08 13:04:45
Dembele84,
84-ж ит урук бок басар болушат колунан бок да келбейт анан суйлогону асмандан.
-8
Kuban-1207
2021-07-08 11:47:55
Онолобуз
+4
Rifle_I
2021-07-08 13:01:42
Норм эле. Биз Турцияда 30квт иштеткен экенбиз 800 сом келди.
Модернизация керек ГЭСтерге.
+2
assanov97
2021-07-08 15:05:00
Rifle_I,Турция менен Кыргызстандын айлыгын салыштырып корчу
+2
Kuban-1207
2021-07-08 13:18:29
Ортомчулар эле кууратат
+7
Rakyl12
2021-07-08 14:07:12
Булак биздин башты айлантып алдап жатат, эч кандай 700 дон ашпайт. Окмотто акча жок толтуруш керек болуп жатат.
+2
Dastanali
2021-07-08 14:07:58
Убагында К.Бакиевдин түбүнө свет менен связь жеткен
+8
rysik79
2021-07-08 14:17:09
Өлгүсү келгенде эле светке тийишмей башталат. Акаев да светке тийишип моюну үзүлгөн. Бакиев да свет менен ойноп ток тартып өлгөн. Эрикккн бала энесинин светин чукуйт болуп арзандатып кой бооолду.
+9
modem4999
2021-07-08 14:28:06
Садыр алдаганын койбойт, биз ишенгенибизди койбойбуз.
+7
zhaynak
2021-07-08 14:30:38
Баштагы тариф боюнча калсынбы не ошондо. Суйлонбойсунорбу анан
-5
munarbek.92
2021-07-08 14:58:19
Тарифти котордубу айлык акы дагы ошого жараша болуш керек
+4
Omyke
2021-07-08 15:51:16
Телефонунарга светтен коп акча саласынар айына мин Бир жарым мин жон эле кетет светке келгенде эсептеп каласынарда.
+4
talas0707
2021-07-08 18:06:40
Omyke, туптуура единицага бир уйдо 4 телефон болсо 300 сомдон 1200 сом кетип жатат айына, аны такыр эсептебейбиз,кыйкырбайбыз.
0
Antiradikal5
2021-07-09 21:22:56
talas0707, Окмот единицанын баасын азайтсын сен коп толоп жатсан. Бензинге, единицага коп кетип жатат деп светтин баасын да которолубу? Ансыз да продукты, бензиндин баасы асман чапчып уй-було багууга эл аран акча таап жатса, Таши менен Жапиктин камчысын чаьасынар уялбай!!!
0
Nursul
2021-07-09 11:47:36
Ушунтип бааны көтөрүшүп ошол менен арзандабайт көрөсүңөр го, элди тоногуча светтин акысын толобогондордон толотсонор болбойбу биздин толомубуз 1000 сом болуп кийинки төлөм менен бир төлөйун азыр жок эле десең кыркып кетишет былтыр Бишкектин Ленин районунда сот болуп иштейт экен ошол адамдын свет карызы көбөйүп кетип дарбазасын кулпунуп эле турушат экен чочун адамдар келсе киргизбегиле эшикти ачык калтырбагыла толобойм энең колдорунан келгенин кылып алсын линяны кыркып эле көрүшсүнчу деген.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан