Биз социалдык тармакта

Депутат Маматалиев: "Биз дагы Түркиядан бирөөнү уурдап келип, анан алмаштырышыбыз керек"

Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Орхан Инанды Түркия тарабынан кармалганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулууда.

Депутат Марлен Маматалиев: "Биз ал жараныбызды алып келе алабызбы же алып келе албайбызбы? Кандай чаралар көрүлүп жатат?", - деп сурады.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Түркия тарапка нота жиберилгенин эскертти. "Болгон аракетибизди жумшайбыз. Түркияга Орхан Инандыны кайтарып келүү боюнча талабын койдук", - дейт Ниязалиев.

Марлен Маматалиев: "Бизде түрмөдө отурган Түрк жараны барбы? Ошолор менен алмаштыруу маселесин көтөрүш керек. Же болбосо кинолордон көргөндөй, биз дагы Түркиядан бирөөнү уурдап келип анан алмаштырышыбыз керек. Биз кайсы улуттан болбосун өз жараныбызды коргошубуз шарт", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zhykyo
2021-07-07 17:18:40
Уялчак депутатка алмашалыбы деп коргуло
+10
Luna7
2021-07-07 17:46:59
Темасы кулкуну келтиретко
+2
suban78
2021-07-07 17:53:01
Экономиканы которгуло айланайындар, экономиканы. Россияда канчалаган мигранттар кыйналып журушот,Индиядан адамдар келе албай жатышат, ошолорду алып келгиле акмактар. Ошол Инанды силер бир нерсе болсонор карап да койбойт эле. Ал бизнесмен да болгону.
Кыргызга жардам бергиле, кыргызга.
+6
nazira...
2021-07-07 18:03:43
suban78,туура. Биздин чимкириктер тойгозду да ушу, какырыкка айланып баратышат.
+5
Gulina90
2021-07-07 18:23:15
Уурдап корчу,уурдап жаткан жеринде,жерге киргизе атаар,биздей болуп акчаГа сатылышпайт алар.
+4
Milduri
2021-07-07 18:39:51
Эрдогандын баласын эле уурдап келбесеңер, башка министр, депутатына алмашпайт.
+2
Nina.alex
2021-07-07 18:41:37
Тобоо депутаттардын денгээли ушундай болсо ,беш жащар баланын ан сезиминдейго, кинодогудай кылып уурдайлы деп.
+5
nurdan2018
2021-07-08 01:26:57
Nina.alex, туура айтасын бул чимкириктерге кулкун дагы жинин дагы келет
0
aliya-leyla
2021-07-07 21:39:10
Жогорку Кенеште карала турган башка маселе жокпу? Алып кетсе өздөрүнүн турку, андан ары алып кетишпейби?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан